тосот
- Душманды же айдоого алынган аңды күтүп тосуп туруучу мерчемдүү жер, буктурма жай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алты хандын элдери, / Атка минген эрлери, / Кыргыздын тогуз ханына, / Жол тосоттой келгени, / Калдык барбай калыптыр, / Калганы такыр барыптыр - / Манжулардын чоң Бодоң, / Солондордун Жабике, / Шибелердин Йобалы, / Кара кытай Зоңтары, / Моңгулардын Бетирке, / Хандар жөнөп алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененимди тосот деп, / Кайта артына келаткан, / Кененимге жолугуп, / Жолдошум өлдү дегенсип, / Жолду баштап келаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Алмамбет, Манас келди, — деп, / Алтын башты жеди, — деп, / Качырбастан тосот — деп, / Кабылганда мен жалгыз, / Кантип тирүү койот?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Журттан чыккан шумпай кыз, / Бизди тосот сыйкырлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Өз ойунда Калдуубет, / Өлүп кетти Сомбилек, / Эки буту сынды, деп, / Сасып жатып өлгөндүр, / Бүткөн бойу ириң жеп, / Курттун богу болгондур, / Сөөгү куурап калды, деп, / Ойунда жүрөт Калдуубет, / Ким тосот менин алдым, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →