тосмо
- Өткөрбөө, тепсетпөө, коруу максатында тосуп коюлган тоскоол, кашаа.
- Суу токтотуу, көлмө кылуу максатында жасалган бөгөт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ып, / Колтугунан суу чыгып, / Куйругунан чуу чыгып, / Жарым күн кеткен алдында, / Сейитимге көрүндү, / Куткарбастын карааны, / Үч муунап жолду тостурган, / Бир тосмого жетишкен, / Куткарбаска аз калды, / Сейиттин көрүп карааны, / Кумпайдан качкан кептердей, / Куткарбастын шашканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Тосмо суудай мемиреген жазы, жумшак кечте, кыжылдаган сансыз кой аралашып, чаржайыт чуркурап, уйлар музоосун издеп мөөрөп, жер суунун тынчын алып, кечки тунук абаны экилендирип, айлана кайнаган күүгө толуп турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →