тоскун
- Өтүп кетүүгө, белгилүү бир ишти аткарууга карата болгон бөгөт, тосмо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ана айтат мындай деп: / — Он сегизде жашымда, / Бейжинден качтым башында, / Энекем менен кырк бала, / Кошо келет алдымда, / Алоокенин Коңтөрө, / Алмамбет качты тоскун, деп, / Кабар кылган алдында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Биринчи болуп тоскун, деп, / Жибергели Куткарбас, / Жыгачтуу жерди кыдырып, / Дайраны бойлоп сыдырып, / Бир жыгачты жаратып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бир тарабын аскердин, / Сен тоскунуң, Карадөө, / Бир тарабын абакем, / Бир тарабын мен тосом, / Жекеге чыгат Сейитек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өлөңүн айтып жаңырган, / Обонун кошуп жаңырткан, / Таруусун таштай актаган, / Катынын кыздай мактаган, / Иленин суусун бойлогон, / Кол кушуруп кой сойуп, / Тоскундай казак мында жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →