тоскоолдук

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Өтүүгө жолтоо болгон бөгөт, тоскоол.
  2. өт. Иштин жүрүшүнө тоскоол болгон жолтоо, себеп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тобурчакка токтобой, / Томолонуп торойду, / Чарайнасы чатырап, / Тоскоолдук кылбай жарылды, / Тоодой болгон Сакычак, / Агып каны жайылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кеңкула минип болкойуп, / Жез найза колдо койкойуп, / Барааны баатыр башкача, / Чоң ополдой зоңкойуп, / Нечен бел калды арада, / Тоскоолдук кылбай тоңкойуп, / Ак элечек тоо калды, / Жасанган кыздай койкойуп, / Келбеттүү баатыр шаңданып, / Кеңкуланын артынан, / Түрүлгөн туман чаң калып, / Түрүлүп ак… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…жок сөөгүндө, / Айтылган нечен сулуудан, / Сейтек менен Куйалы, / Ал экөөнөн туулган, / Тогуз жашка чыкканча, / Баспай үйдө чоңойгон, / Тогузунда тоо болгон, / Тоскоолдук кылган болбогон, / Тогузда толуп атанып, / Далай дөөнү сойлоткон, / Кыргыздан баштап кол албай, / Элди эркин ойноткон, / Эр Кененим зор өткөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сыйкырдын сырын чечүүчү, / Алмамбеттин алмабаш, / Конушбайдын колунда, / Тоскоолдук кылар неме жок, / Сейитимдин жолунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жеткен жерде Кутургу, / Гүлүскө найза сайдырбай, / Сайдырбай да кактырбай, / Капталга муштап өтүү эми, / Үч кабат темир күрөкө, / Торгой көз темир бадана, / Тоскоолдук кылбайт төрт кабат, / Бадырап чыкты эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →