тоскоол

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Бир жакка өткөрбөс үчүн коюлган тосмо, бөгөт.
  2. өт. Белгилүү бир максатты ишке ашырууга каршы келген жолтоо, каргаша.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тыр, / Булутсуз күндөй ачылып: / — Ардык алдык далай күн, / Ат сергиттик канча күн, / Арыбын адам билгисиз, / Алп Коңурбай калчанын, / Биз Бейжинге жеткенче, / Тоскоол болчу неменин, / Бир канчасын айтайын: / Көкчөлдүн айак жагында, / Он беш күндүк алышта, / Куу өрдөктүн көлү бар, / Көрүнөө бизге душман ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мыктап найза муштады, / Жети кабат темир тон, / Дегеле тоскоол кылбады, / Далысынын айнектен, / Кере карыш жылтырап, / Бир жак учу чыкканы, / Сайганын жазбас кайран эр, / Найзасын канга чыктады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тоскоолу жок сарт эле, / Коңурбайдын алдынан, / Чыгып калды шарт эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жерде киши калган жок, / Темир тоскоол кылган жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ “Баатыр атам өткөлү, / Он беш жыл болду болжолу, / Толкуган кыргыз көп алаш, / Тоодой толкун сел келсе, / Тогуз күн тоскоол болбоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →