тос
- Алдын тороо, жол бербөөгө аракет кылуу, тоскоолдук кылуу, бөгөт болуу, кайруу.
- Тоскоол коюу, дубал, тосмо менен курчоо, бөгөт коюу.
- Карама-каршы кармай берүү, карама-каршы абалга коюу.
- Күтүү, күтүп алуу, каршы алуу, кабыл алуу; жолун кароо; алдынан чыгуу.
- Баланы түзгө отургузуу үчүн кармоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Моңгулдар барып колбушуп, / Жанай чыгып жол тосуп, / Кырылышып кайран эл, / Кан агызып кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чапкан балта кескени, / Бир жагында каалгасы, / Томкорулуп кеткени, / Тостуруп койгон кишилер, / Токтоо кылбай жеткени, / Тобун бузбай Кененим, / Тоздуруп тонун өткөнү, / Мен-мендеп киши келе албай, / Көрүп турган Дабытай, / Кол салышып ч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Муну ойлонуп эр Сыргак, / Ойуна алып өлөрдү, / Алдына тосо жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Керменбайга жолугуп, / Айтып турат ал бала: / — Эр Сейитек баатырдын, / Ырысы өтө чоң экен, / Тосолгосу жок экен, / Ачык жолу шар экен, / Алган зайбы бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Оң жагындагы корукта бир кичине кыз сереңдеп, уй тосуп жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →