торпок

китептерде 43 жолу, 7 китепте
  1. Уйдун алты айдан бир жашка чейинки музоосу.
  2. Бир жашка чейинки аюунун баласы.
  3. өт. Эчтеме билбеген наадан, маңкөш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калканы жондо калкылдап, / Кылычы белде жаркылдап, / Маңдайында эки көз, / Тоо кагындай жылтылдап, / Алты маңгыт тойгундай, / Эки бети чочконун, / Тай торпоктой бултулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…га, / Кийик уулап барганбыз, / Көкойдуңдун Кырчынга, / Бир үйлүү калмак калыптыр, / Калбаптыр бирөө ырымга, / Желеде кулун байлалуу, / Көгөндө козу байлалуу, / Торпоктор турат мөөрөшүп, / Инектер турат каңгырап, / Өкүрүшүп заңгырап, / Койлору турат маарашып, / Эчкилерден сүт агып, / Баккан ээсин каргашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тай торпоктой булчуң эт, / Канча талаа жарылды, / Сүлкүлдөгөн Терекбай, / Заманасы тарылды, / Тартып алып найзаны, / Ылаачындай шамдагай, / Сак карыга бир сайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эмчегин берген Каныкей, / Торпокко салып кардадың, / Эмип кетсе бир торпок, / Какжаңдатып сабадың, / Ыраспы жалган иштериң, / Кантип тузаа табасың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Абышканын көк торпок, / Эки энеге тел торпок, / Күдөр кылган ак кайыш, / Чайан түйүп тактырган, / Балбандар, алп жаткырган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →