торой
- Серейип жыгылып жаткан көрүнүштө болуу, буту-колу буулгандай жыгылып түшүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Козубектин найзасын, / Уутаң тартып алганча, / Алабек жетип бир койду, / Аңтарылып атынан, / Манжу Уутаң торойду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көрүп турган Мадана, / Торой алдын басканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сыргактан найза жеткенде, / Менменсинген ал Кежи, / Топо тиштеп торойду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олтуралбай тик туруп, / Жатып калдым торойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →