торо

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. Алдынан утуру чыгып жолун тосуу, торгоо.
  2. Тооруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жолумду тосуп торопсуң, / Башкалардай ойлойсуң, / Жоодуратпай Акешен, / Жолго сени сойбосом! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Акбалта уулу Чубакты, / Жоо бөрүсү чунакты, / Он миңче торчу топ болуп, / Тегеректеп тап койуп, / Эки балбан ороңдоп, / Бир пили желип тороңдоп, / Ортосуна алыптыр, / Ыкыс берип калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кырк күндүк мөөнөт уккан эл, / Тороңдошуп чуу койду, / Качкынды кармап берем, деп, / Көптүн ичи чуу болду, / Үйүнө барып Тапан хан, / Ойлогону бу болду, / Сүйлөшкөлү кыз менен, / Чин акылы токтолду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ат менен койуп жарышып, / Этектен түрө кармашып, / Бастырбай жолун торошуп, / Үзөңгү боодон өткөрүп, / Ээр кашына орошуп, / Аттары тартпай шалактап, / Үстүндөгү ээлери, / Тилдери карыш салаңдап, / Чаңкаганда акактап, / Кайышып тартып … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тороп алдын тогошор, / Толтойдо эми каруу жок, / Эрен Гүлүс Толтойдун, / Эрдигине салды от. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →