торко

китептерде 20 жолу, 6 китепте
  1. Жука жибек кездеме, ошол кездемеден жасалган сырт кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ралап элге баралбай, / Жагалмайдын эттерин, / Шылып алып артынып, / Акмалап келип эл четин, / Ат откоргон кишиден, / Үч кишиге жолугуп, / Алдындагы сур атты, / Торко менен жабуулап, / Тору кылып бул атты, / Сүйлөгөн сөзү тизмектүү, / Жагымдуу элге эң таттуу: / — Амансыңбы, кыргыздар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дайарлатып сорпосун, / Дасторкон кылып торкосун, / Кошкон майга шекер-бал, / Сары казы, керткен жал, / Карын-карта, куйруктан, / Алып келип койду эле, / Кокойто созуп ал мойнун, / Абыдан өйдө болду эле, / — … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Аза-бата деп келген, / Алоолонгон аргымак, / Жүнсүз нечен тобурчак, / Айгыр жалдуу, бээ курсак, / Мындайлардан байланды, / Качкы кууган жоргодон, / Жыртылбаган торко тон, / Өркөчтүн учун ийбеген, / Дегеле киши тийбеген, / Асый буура, минген төө, / Андайлардан көп келди, / Буулум келди жылтылдак, / Булгаары келди кыйчылдак, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ин үнү угулуп, / Ызы-чуу болуп калың журт, / Келип калды чогулуп, / Мунаранын башына, / Чыкты Кыйаз чойулуп: / — Баласын алып Айчүрөк, / Менин келсин жаныма, / Торко тондон бирди ылгап, / Ала келсин колуна, / Биз акына берели, / Ким ат койсо балага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Калдайдын уулу капырдан, / Хан Коңурбай баатырдан, / Алда канча өйдө экен, / Кийгени жибек торко экен, / Кебетеси турушу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →