торгун
- Жибек кездеме, бышык жибек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кошойдон бери буларды, / Бузулбай келди деди эле, / Алтын –күмүш, зары көп, / Жакут, шуру дагы көп, / Торгун, дуудун андан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…жаңжүн, / Бул экөөнөн кыз алдык, / Борончу, Жолой, Бешкулак, / Оронгуну баш кылып, / Далайынан баш алдык; / Алтын, күмүш –зар алдык, / Асыл буйум дагы алдык, / Торгун, тубар, далым бу, / Аркагы жибек кырмызы, / Ар түрдүү сонун көп алдык; / Менин ойум ушундай, / Эми калган кеп болсо, / Алмамбеттен угалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…үң ачык киши элең,, / Сейтек толсо сыныңа, / Элиң менен шаарыңды, / Энчисине кызыңдын, / Кошуп бергин баарыңды – / Айабагын малыңды, / Алтын, күмүш, зарыңды, / Торгун, тубар, дуудунду, / Суусар, булгун, буулумду, / Сүлөөсүн менен кундузду, / Колуңан келсе кошуп бер, / Асмандагы жылдызды, / Айкөл шердин тукуму, / Айабагын бир…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Торгун, жибек, далымбу, / Аркагы жибек кырмызы, / Асылдан тандап сен алгын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Атаңды көрү шум дүйнө, / Беш кубулат бир күндө, / Маңгыттан калган мал-пулдан, / Алтын, күмүш-зарынан, / Торгун, тубар, буулумдан, / Сүлөөсүн, суусар, булгундан, / Ар бир сонун буруудан, / Токтобой көзгө кубулган, / Олжо алсак экен, деп, / Опколжуп калды келген эл, / Арк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →