торгой

китептерде 111 жолу, 8 китепте
  1. Көбүнчө талаада жашоочу, чымчык түркүмүнө кирүүчү кичинекей сайроочу куш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Акырын айтып шыңк этип, / Эшикти көздөй бет алып, / Басты Көкөй кылт этип, / Билдирбей байкап торгойду, / Көзүнүн жээги жылт этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Найза колдо зыңгырап, / Жолум үйдөй Чойун баш, / Такымына кысыптыр, / Туулгасын көмөрүп, / Баары темир көгөрүп, / Көөдөнүндө чарайна, / Далысында калканы, / Торгой көз темир бадана, / Беш кабат катар кийгени, / Тизесинде кисепче, / Үзөнгүдө калдыркан, / Алдынкы ээрдин кашында, / Жойкумасы байлалуу, / Эки миздүү канджардан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бозорук таң атканда, / Боз торгой сайрап жатканда, / Хандын баары калдаңдап, / Камчысын сүйрөп далдаңдап, / Таңдагы нашта даамын, / Ашпоздору тез камдап, / Айкөл баштап бардык хан, / Кыргыл баштап кырк арстан, / Жапырт жүрүп бастырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…нып, / Касаба тоодой жарданып, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Кыл муруту бириндеп, / Каары жүзгө айланып, / Алмабаш мылтык, Акшамшар, / Балтасы болот таш чабар, / Торгой көз темир бадана, / Үштү кийип кабаттап, / Туулганы башка көмөрүп, / Кийгени темир көгөрүп, / Кылычты салып кынына, / Ай балта байлап жанына, / Найза колдо заң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Үн алышып боз торгой, / Көкөлөп учуп, көп сайрап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →