топчулук
- Топчу өткөрүү үчүн жасалган узунча тегерете тордолгон көзөнөк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Топчулуксуз тондору, / Жайылып кетти далбактап, / Найза менен сайганда / Балта менен сайдырбай, / Калдык кайра какканда, / Талкаланып найзасы, / Куру кол болгон чактарда, / Балта менен балакет, / Кардын жара чапты анда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Быйыл бойду сергитип, / Аттарды жакшы семиртип, / Соот менен олпоктун, / Топчулугун бекитип, / Найзаны ташка түйрөйтүп, / Кылычты чаркка эгетип, / Балтаны ууга сугарып, / Найзанын учун жаңылап, / Бөрү тили чыгартып, / Жаңылап элден кол алып, / Анан барсак кантет, / Күчтү күчкө улантып?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ты салып жолуна, / Куу түлкүнүн кеп тонун, - / Коңурбайча чен тонун, / Алмамбет салды жонуна, / Бүчүлүгүн бүчүлөп, / Эки каптал-кабырга, / Үпчүлүгүн үпчүлөп, / Топчулугун топчулап, / Эп келтире койгону, / Нак Коңурбай болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бул Сыргактын найзасы, / Бадыратпай койобу, / Тогуз кабат топчулук, / Токтоо кылбай үзүлүп, / Тоодой болгон Суктанма, / Бир сайып төөдөн түшүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Топчулугу бир тогуз, / Тоодой болгон бул доңуз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →