топчула
- Кийимдин топчуларын бүчүлөө, топчуну топчулуктан өткөрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Опчулугун опчулап, / Топчулугун топчулап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Үстүндөгү темир тон, / Бүчүлүгүн бүчүлөп, / Опчулугун опчулап, / Кара бойун топчулап, / Бөрү тилме көк найза, / Бекемдеп кармап колуна, / Бурулбастан чу койду, / Жыйылган каңгай тобуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каскаксыз найза колго алып, / Каарданып, сурданып, / Тарамышын чыйратып, / Кара бойун чыңдатып, / Кабаттап белин курчанып, / Үпчүлүгүн үпчүлөп, / Топчулугун топчулап, / Жардай сары ат минип, / Канча темир тон кийип, / Калканын тартып калдайтып, / Канча түрдүү жоо курал, / Бутагындай чынардын, / Аркы-терки тартайып, / Жылтыр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…луна, / Куу түлкүнүн кеп тонун, - / Коңурбайча чен тонун, / Алмамбет салды жонуна, / Бүчүлүгүн бүчүлөп, / Эки каптал-кабырга, / Үпчүлүгүн үпчүлөп, / Топчулугун топчулап, / Эп келтире койгону, / Нак Коңурбай болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сыйга кийер сын тонун, / Сууруп алып берди эми, / Жакасы алтын, жеңи жез, / Эки кабат ичи бөз, / Тышы көркөм буулумдан, / Он эки катар топчулук, / Топчуланып бекиткен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →