топчу1
- Кийимдин топчулугуна илип бүчүлөп туруучу, сөөктөн, металлдан же башка нерседен жасалган бүчүлөгүч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Аңгычакты Йобалы, / Жетип келди күжүлдөп, / Жеткен жерде Йобалы, / Козубекти тумактай, / Томолотту атынан, / Ак ала сакал кары деп, / Өлтүрөт экен аны деп, / Топчу кулак кер атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркокт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…уу чыгып, / Кутургурдун Саламат, / Жебедей сызып келатат, / Бар кыргыздан озуптур, / Коросон менен испандын, / Колун чайкап бозуптур, / Жалгызектин Бактыбай, / Топчу кулак тору атты, / Сыздырып баатыр келатты, / Сүйүн келет залкайып, / Ак жал сары ат заңкайып, / Чолпонбай келет октолуп, / Бет алган жагы өрт болуп, / Барбагы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…оң кол жагында, / Алтын чырай нур беттүү, / Ийриси жок түз кептүү, / Пешенеси жапжайык, / Пендеден ашкан келбеттүү, / Каралжын ыраң тону бар, / Калдагай келген топчулар, / Сыныктын эбин тапчудай, / Сыйкыры журтту басчудай, / Өлгөндүн көзүн ашчудай, / Өнөрдүн баарын казчыдай, / Балбан экен баарыдан, / Айлакер экен абыдан, / Кыз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Урманбет оң жак койнунан бир жоолукту сууруп чыкты да, учундагы топчудай түйүнчөктү чечип, бечара колу менен аяр тыйындарын санады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кызыын келгенин билген дыйкан: "Топчумду чеч!"-деп айтууга гана араң кудурети келет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →