топурак

китептерде 232 жолу, 10 китепте
  1. Жер кыртышы жердин өсүмдүк өсүүчү үстүңкү катмары, турпак.
  2. Территория, аймак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отор өлүп кеткенде, / Эки жагын караса, / Маңдайда калың кол да жок, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Чачкандай болуп жатыптыр, / Куткарбайын бирин, деп, / Куп кыйамың келди, деп, / Тору атты бура тартыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…бекемдеп, / Үзөңгү боого салганда, / Чиренип тартып калганда, / Аты менен Кененим, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Дүбүрөшүп жатканда, / Жер силкинип козголуп, / Топурак учуп тоз болду, / Кененим деген үн чыкты, / Жер жарылып суу чыкты, / “Мен Гүлүстөн, сен Кенен, / Турбай, балам, тебирен! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эркинче бактым бул итти, / Көп дүйнөмдү чачтырды, / Быйакка кетсе жөн кетпей, / Өлтүрө кетип Дөөдүрдү, / Андан жаман шаштырды, / Айлымды калмак тебелеп, / Топурагын каздырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Толгой баскан жеринде, / Топурак топ-топ үйүлгөн, / Каңтара баскан жеринде, / Казан каптай кара чым, / Аңтарылып көрүнгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жерге токтоо кыла албай, / Көккө учуп топурак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →