топура
- Көп санда баш аламан тартипсиз абалда болуу.
- Дабыраган дабыш чыгаруу, опур-топур дабыш чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Опураңдап Көкбөрү, / Токтоно албай удургуп, / Топураңдап Көкбөрү, / Ичи жалын, боору чок, / Күйүп барат Көкбөрү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Букарды көздөй топурап, / Жөнөдү калбай хандарың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ушунун кечинде, Карпыктын үйүнүн жанындагы көк майданга жыйырма-отуз киши жыйналып, топурап жатты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мынабу бир эбаккы бирөөдөн калган бузулган жалгыз тамдын жанында эмгиче үйүнө кетпей топурап бир топ эшек жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Жерге батпаган малды топуратып айдап жөнөп беришти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →