топулда
- Топ-топ этип түшүү, топ-топ эткен добуш чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ер, — деп, / Жолтоосу мага жетер, — деп, / Калабалуу чал эле, / Калбасы кыйла бар эле, / Качып кокус кетер, — деп, / Калбасы мага жетер” — деп, / Тогузун айдап топулдап, / Артынан жүрүп сопулдап, / Жолуккан элден кеп сурайт: / — Жолу каткан бир чалды, / Көрдүңөрбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Доңузу жүрөт корсулдап, / Торошону топулдап, / Экөөнү кармап байланып, / Белге чыктым айланып, / Туш-тушка салдым көзүмдү, / Турнабайым колго алып, / Батышта жаткан жер көрдүм, / Жер бетинде эл көрдүм, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тобокел деп бел байлап, / Топулдашып көрсөмбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Биринен бири озууга, / Топулдашып жарышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →