топу

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Жука тигилген жеңил баш кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Андан коркуп мен турам, / Отко салса күйбөгөн, / Ар канча кылса аракет, / Көйнөккө дуба жүрбөгөн, / Сел каптаса барбаган, / Агызып кете албаган, / Тоо кылса топук болбогон, / Жер жүзүнүн сыйкыры, / Эт көйнөккө жол койгон, / Касиети көйнөктүн, / Измаазам менен тордолгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыйын билген ким болсо, / Топусун оңдоп оштонуп, / Жаш-карысы аралаш, / Дүбүрөп жөнөп калышат, / Ат чабууга козголуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Топулуу торгой, бытпылдык, / Бытпылдыктап кыйкырып, / Суусунда балык жылт этип, / Кундуздар ойноп кылт этип, / Токойунун четинде, / Чөөлөрү күлөт шыңк этип, / Чычкандары чырылдап, / Жан-жаныбар кыбырап, / Жайнаган курттар жыбырап, / Айбанаттын түрү көп, / Жерди бербейт быжылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Киши көптөн кийин ордунан туруп: «жолуңар болгурлар, ушунчаңар туруп, бириң арачалап койбодуң» деген кишидей болуп бети-башын сыйпалап көрүп, ар кайда жаткан тебетейин, топусун терип кийди да кектүү жүз менен ачуусу кайнап, тишин кычыратып, ошол замат чыгып кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бирок топук кылып тойбой, акыры "ач карышкыр" деген атка конуптур. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →