топтуу

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Өзүнчө бир коллективи, тобу бар, группалуу, тууган-туушканы көп, жоро-жолдоштуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бүгүн келсе беш урук, / Башын кесип байланып, / Ат-тонун олжо алып, / Алматыга баралы, / Топтуу караан калдайып, / Көргөн күнү курусун, / Баш калкалап жан багып! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Топтуу караан кол болуп, / Топтоп бир чал айдаса, / Топоңдоп басып жүрөсүң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…п Дабытай, / Эки көзү жалдырап, / Колу-буту шалдырап, / Тил байланып, балдырап, / Бойго кирип калтырак, / Олтуруп кетип бир далай, / Чоңдорун такыр чогултуп, / Топтуу караан олтуруп, / Коросондун Дабытай, / Короосунда күпүлдөйт: / — Кыргыздан келген кызталак, / Тең кишидей кат жазат, / Көрсөтөм деп дүпүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кол жеткенин майдалап, / Бет келгенин найзалап, / Топтуу караан бар жерди, / Албарс менен кайсалап, / Астында жүрөт жол салып, / Бир башынан талкалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эрмектешчү курбумдун, / Эсебин колго бериптир, / Эбегейсиз балбанды, / Эл бүлүнткөн капыр деп, / Эсен койбой жан алып, / Топтуу жандан сен калдың, / Жалгыз кыздан айрылып, / Томсоруп ыйлап мен калдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →