топто
- Чогултуу, үйүштүрүп жыйноо, бир жерге жыюу.
- Бир топко бириктирүү, баш коштуруу, айланасына көп санда чогултуу, жыйноо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…пейт, / Чынын айтсам буларга, / Өзүбектин эр Мурат, / Ошондо бир аз шек турат; / Алтай, Иле, Шерматкан, / Лопнурдагы хан Матан, / Азыр болгон ар кимиң, / Калың топто капташсаң, / Ошол экөө эң жаман.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айлантып суусун чачтырып, / Садагасын чаптырып, / Сарыбашыл койун мууздатып, / Кембагалга уучтатып, / Сарыбашыл уйун талатып, / Жыйылып келип топтолгон, / Жашы-жалаңы, кары-жаш, / Баатыр эрди карашып, / Эки айактуу жумур баш, / Көргөндүн баары жаратып, / Чолпондой жүзү нурланган, / Чоктой көзү кызарган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ү сулатып, / Тактасын элге талатып, / Ар кайда элин таратып, / Бараң менен Шаңкайды, / Кыргызга кошуп каратып, / Баарысынын бийлигин, / Кар манапка карматып, / Топтоп күлүк аттарды, / Кеткен экен айдатып, / Багышка берип кетиптир, / Жолдо кетип баратып, / Чоң атаң сенин Мадыкөл, / Баары жандан чоң экен, / Чакташар катын жок …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чубак, Сыргак бой уруп, / Аралап кирди көп элге, / Адам аккан бул селге, / Торун топтоп кармашып, / Тобу менен жармашып, / Эр Сыргакка он миңи, / Тегеректеп тор салып, / Канча тордун ичинде, / Сыргак калды капталып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…“эки жок” / Аш кайнамча токтолду, / Кыңк эткен пенде жок болду, / Коркуп барбайт экен, деп, / Жалгызек үч күн токтолду, / Беремин деп айткан мал, / Баары келип топтоду, / Кырк үйлүү Калча бүт кедей, / Сүйүнүшүп шоктонду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →