тополоңдо
- Дүрбөлөңдөө, чакчелекей түшүү, ызы-чуу болуу, кымгуут түшүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тополоңдоп тоз болуп, / Топурак учуп боз болуп, / Каптап кирди кыргыздар, / Жалындап күйгөн от болуп, / Чуңкур чуңкур жерлерге, / Көлчөк болуп кан толуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ага чейин батыштан, / Тополоңдоп тос чыкты, / Топурак учуп боз чыкты, / Жалпылдап желек туу чыкты, / Тоо бузулуп жер солкуп, / Кернейдин үнү чуу чыкты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жамгырчы, Балта кеңешип, / Той кылгалы камданып, / Тополоңдоп жатыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мингени тору Тобурчак, / Тополоңдоп жер чаңдап, / Токтоо кылбай келатат, / Уй букадай дардаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Куйтуйган, кичине неме көптүн ичинде көрүнбөй, тополоңдо жоголду да кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →