тополоң2

китептерде 15 жолу, 7 китепте тополоң 1 →
  1. Баш аламан, тартипсиз, кымгуут абал, дүрбөлөң.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Камчысын булгап имерди, / Каптатып элин жиберди, / Тополоң чаңда билинбей, / Качып жолго киргени, / Аралашкан жоо менен, / Асыл муну билбеди, / Өздөрүнүн тилинче, / Бир кишиси сүйлөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түнүндөсү жаткырып, / Күн тийгенде бастырып, / Тополоң уйуп, жер чаңдап, / Тозоңу көккө жазылып, / Ободогу жарык күн, / Күлгүн тартып күдүңдөп, / Түнүндө жылдыз көрүнбөй, / Кээ-кээ жерден бүлбүлдөп, / Ашыгып келет Шоорук хан, / Ылдамыраак жүргүн, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…п баштарын, / Коондой кардын жарайын, / Манастан калган коргонун, / Койбой такыр чагайын, / Талкалайын күмбөзүн, / Күйгүзөйүн ичтерин, / Деп ойлонуп арамкор, / Тополоң түшкөн тоз жакта, / Жердин бети көрүнбөс, / Топурак учкан боз чакта, / Камчы басып жөнөдү, / Бул бадырек тору атка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет с… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлчоросу кош алып, / Көргөн адам таң калып, / Көк жалдар жүрдү жол тартып, / Көк жалда жүргөн жеринен, / Тополоң уйуп жол чаңдап, / Бөкөйдүн бөксө чөл менен, / Бөрү жүрбөс жол менен, / Казылган кара шор менен, / Карышкыр жүрбөс бел менен, / Жөнөп кетти калдайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →