топоз

китептерде 14 жолу, 4 китепте
  1. Бийик тоолуу жерлерде багылуучу узун жүндүү, мүйүздүү, кепшөөчү айбан.
  2. өт. Көрксүз, копол, маңыроо чалыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ырбай алып келиптир, / Асыл буйум барларын, / Жаргылчак куйрук кой келди, / Аз келбеди, мол келди, / Аргымак келди ат келди, / Айалдабай бат келди, / Коркулдап топоз ал келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Текелер зоодо кыйналып, / Топозу жумшак тумшукта, / Айуулар жатак суур казып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Коңурбай менен Жолойдун, / Талап алса топозун, / Унчугушпай шүк болду, / Созушуп гана кокосун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сары колдун сыртынан, / Сан топозун бир алды, / Токсон уруу түрк уулу, / Топтолушуп аз калды, / Чогулушса аларды, / Тосо турган ал барбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бастек бойлуу, керк беттүү, / Жай турганда мүнөзү, / Жер чапчып топо жамынган, / Топоз бука келбетүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →