топо
- Топурак.
- Мүрзөнүн топурагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аттын изин кубалап, / Ар күнү топо дубалап, / Адырды басып аралап, / Кырга чыгып олтурса, / Өргөн иттей сабалап, / Ойдо жатат көп калмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Төрт айагы кула аттын, / Топону көккө сапырып, / Жал-куйругу жайылып, / Катап келген көпчүлүк, / Калбай баары жабылып, / Жанаша албай кула атка, / Шамал артта калыптыр, / Ачып көздү жумганча, / Коросондон коргонго, / Кененим жетип барыптыр, / Дарбазасы сом темир, / Коргону бийик бир сеңир, / Эшик эндүү ай балта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Буттары казып жер жыртып, / Какырлуу жерлер коо болду, / Тополуу жерлер ор болду, / Чымдуу жерге былкылдап, / Чылпылдаган суу толду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…үп, / Найзалары така-так, / Балталары чака-чак, / Баатырлар үнү бака-бак, / Кулак тунуп шака-шак, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жер козголуп дүкүлдөп, / Жер айрылып топо учуп, / Асманга чаң созулуп, / Так үч күнү алышты, / Оро казган немедей, / Жерди жыртып салышты, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Салып жетип барышты: / — Шер Сейит…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ — Деп, ошентип айтканда, / Ачуусу келип Канчоро, / Алы жок турган немени, / Жалпагы менен балтанын, / Далыдан ары чапканда, / Үстөмөндөп жыгылып, / Мурдуна топо тыгылып, / Оозунан каны куйулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →