тоорул1
- Алыстан абай салган чалгын, душмандын чегин тооруган (айлана бастырып) чалгын. Жалпы эле чалгын маанисинде да айтыла берет.
- Кароолго чыгуу, багуу, көзөмөлгө алуу, байкоо.
- Айыл тооруп жүргөн (ууру) киши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көз байланган бүрүлдө, / Күмбөзгө жетип барганы, / Арбак урган чочконун, / Анткорлугу кармады, / Бастырган бойдон күчөнүп, / Күмбөзгө туура барбады, / Тоорулуп карап из чалып, / Кеңкуланын изине, / Капташып калган убагы, / Кеңкуланын изинен, / Аттай басып кеталбай, / Титиреп тору ат турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайгулчу менен ченчиден, / Жазбай билчү изчиден, / Тоорулуп элди турчудан, / Тогузду катар урчудан, / Торгоду көзгө атчудан, / Жебени мыкты тартчудан, / Кароолчуну койуптур, / Мөөнөтү менен которуп, / Кыргыл башчы болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Жазгырмак болду, мени – деп, / Кырчындынын бойунан, / Жолун тоссом бекен, — деп, / Арасы алыс тоорулуш, / Кара аркарга чаппасам, / Ат айабай бекемдеп, / Кырчындыдан тостурбай, / Өтүп кетсе балакет, / Кыйазга качып жетер, — деп, / Туйдурбай туруп көр Кыйаз, / Чүр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тоорулуп жолго киресиң, / Тон кадырын билерсиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Беккул бир кезде, бу жактан энчисин алгандан кийин, ирегеде жаргылчакка талкан тартып отурган Жанымжандын жанына тоорулуп барып отуруп калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →