тоом

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Жолдордун ар тараптан келип кошулган жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кулжанын жаткан белеси, / Айагы сегиз коо экен, / Үстү бийик тоо экен, / Өөдө-төмөн бөлүнгөн, / Тогуз жолдун тоому экен, / Отуз кокту оозу экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Туңшанын жери кең эле, / Тогуз жолдун тоому эле, / Бөрү-койдун чаркы эле, / Кайгоолчу келсе жатчу эле, / Так кырк күнү турабыз, / Күндө болгон кабарды, / Кулак түрүп угабыз, / Бейжиндик берген кыз болсо,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тогуз жолдун тоому дейт, / Чылпылдакын сазы дейт, / Ушул жерде үч күн тур, / Тойго келген элдерди, / Эл ээрчиген эрлерди, / Айтып кепке кандыргын, / Ушул тойго баргызбай, / Баарын кайра жандыргын, / Туйгузбай туруп Кыйазды, / Чыгынтып элден кар кылгын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Салкындуу жыпар, сайын түз, / Залкарлуу тоом бергин күч! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кызыл-Кыя — тогуз жолдун тоому. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →