тоок

китептерде 29 жолу, 5 китепте
  1. Жумуртка алуу жана эт үчүн багып өстүрүлүүчү үй кушу.
  2. Мүчөлдүн онунчу жылы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маймылдарын карасаң, / Шактан-шакка секирип, / Кыргоолу жерге бекинип, / Тотукуш куйрук жайышып, / Айбат кылып үксөйүп, / Жапа тооктор мекийип, / Кыргыйек турат чекийип, / Көк жору учат калкылдап, / Ителгиси баркылдап, / Карагай, кайың талында, / Терек, чынар - баарында, / Куш отурат закыйып, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тороңдойсуң эки шер, / Тооксуз да таң аткан, / Эрегишер ар убак, / Эминең бар талашкан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акырда эшек айкырды, / Беймаал тоок чакырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Күндө кайнап жаткан Кыргыз-Сай бүгүн өлүктөй тунжурап, ээсиз үйлөрдө кыткылыктаган тооктордун, өрдөкказдардын гана үнү чыгат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Асан менен Үсөн баягы тооктун этин бышырып жатып башы менен канатын жеп коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →