тоодой

китептерде 411 жолу, 9 китепте
  1. Абдан чоң, ири, көлөмү жагынан эбегейсиз зор.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачууланып Бекбача, / Өзүңдү өзүң көтөрүп, / Мактанбагын сен анча, / Бойуң тоодой болсо да, / Мен турганда сен канча?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
деп, / Көкөй турган кезинде, / Күн бешимде мезгилде, / Асман тиреп өрттөнгөн, / Чаң көрүндү өзөндөн, / Көптүгү кара кумурска, / Жан көрүндү өзөндөн, / Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, / Дөө көрүндү өзөндөн, / Ат көтөрбөй тер болгон, / Жөө көрүндү өзөндөн, / Калкты бийлеп башкарган, / Хан көрүндү өзөндөн, / Сардар болуп журт билген… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Муруттарын сербейтип, / Эр өлүгү ар тоодой, / Азууларын аркайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Жарадан каны шыркырап, / Жан талашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкылдап, / Антип жаткан а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Токтоно албай Чынаача: / — Жүз элүү миң эл барсың, / Бириң калбай каптагын, / Алың келсе байлап ал, / Тоодой болгон Манасын, / Белгилеп болдум бул элдин, / Колунан жумуш келерин, / Айлаңар жетип, ал келсе, / Тез болуп калса силерге, / Чубак, Сыргак дегенин, / Жана Сар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуйуп, / Кысыр эмди танадай, / Жамынган темир тону жок, / Жалтанып калаар пейли жок, / Аккаңгы ээр алтын каш, / Мингени тоодой чоң сур ат, / Ошончо элден бөлүнүп, / Четке чыгып келатат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →