тоодак
- Мойну узун, катуу жүгүрө алган, аңчылык кылынуучу чоң талаа кушу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көпкүлөң тарткан боз балдар, / Эригип үйдө жаталбай, / Сазды бойлоп куш салып, / Өрдөк, чүрөк, каз алып, / Каркыра,турна, тоодакты, / Ителгиге тептирип, / Кекилик, чил, кыргоолду,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ителги тоодак тепкендей, / Имерип тийди испанга, / Ачаканда амал жок, / Кыр аркасы кыйраган, / Бактыбайга чыкканга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Топ-топ качкан немесин, / Тоодак тепкен шумкардай, / Томолотуп баратат, / Жалгыздап качкан немесин, / Жара сайып жүлүнүн, / Канын жайып баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тобун бузбай тоодак тээп, / Каркыра, турна, казды тээп, / Катары менен таан тээп, / Учурбай көлдөн өрдөк тээп, / Кайырма менен чүрөк тээп, / Качкандарын бөлөк тээп, / Сарала мойун…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көлдө жүргөн жандардан, / Аккуу менен каркыра, / Тоодак менен турнага, / Кыйын болду аларга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →