тоно
- Бирөөнүн болгон мал мүлкүн талап алуу, чечиндирип, карактап кетүү.
- Түлөй баштаган төөнүн жүнүн сыйрып алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
кылып, / Калмактын башын маң кылып, / Чамбыл ала чаң кылып, / Заманасын тар кылып, / Кырып кетип баратат, / Кыйырын бузбай кыйратып, / Кабыргасын каркайтып, / Тоногон төөдөй тартайтып, / Талаага чыгып топ кылып, / Кыйан жыйган чабардай, / Кемерге жыйып тоо кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Аңырайган жол кылып, / Саранжанын к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дардаңдаган Кызыл алп, / Тоногон төөдөй тартаңдап, / Эл аралап барыптыр, / Семетей менен Гүлчоро, / Көз жаздымда калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Элдер келип колбушуп, / Кийимин шерди тонотуп, / Каныкей карап жараатын: / — Балтаны качан алгансың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куу сакалга баргыла, / Тоногон төөнүн жүнүнөн, / Алып келе калгыла, / Кабар бергин айылга, / Калбасын катын барынча, / Кол бошобойт тамак жок, / Ала келсин азыгын, / Айтып койгун баарына!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Анда айтат Байтерек: / — Жанына басып баралы, / Баатыр дедиң мактадың, / Мындан кабар алалы, / Өлүп калса окустан, / Тонун тоноп алалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →