тондуу

китептерде 23 жолу, 3 китепте
  1. Тону бар, тон кийген.
  2. Жакшынакай кийинген, кийген кийими мыкты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…иктердин Темирбек, / Коктукатта хан Чыктей, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан үч моңгул, / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кыкымат, / Темир тондуу Шалкымат, / Адам жеңгис баары алп, / Кол салдың деп кыргызга, / Жалаңгыч сарык Кененим, / Баарынын канын агызса, / Алты урук келсек чогулуп, / Эми неге келдиң,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…смандан ташты кулатып, / Кылып көрдү айбатты, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан эрлериң- / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Кокту каттан хан Чиктей, / Тажиктердин Темирбек, / Алар да келген тебелеп, / Коросон, испан, ооганды, / Кол чакырып куралып, / Жааган күндөй себеле… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайчы кулак каман алп, / Жез киндиктүү кикимат, / Темир тондуу шалкымат, / Манжудан чыккан канча алп, / Калтырбай баарын соргону, / Күн чыгыш эмес күн батыш, / Жети дөөнү кошо алып, / Асманда жүргөн канаттуу, / Алп кара ку… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Темир тондуу Шалкымат, / Жез киндиктүү Кикимат – / Экөөнү котчу мен алдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…рысын жеңди жер жаздап, / Ошонун баары сулады, / Кулачтап жерди кучактап, / Токтобой акты көздөн жаш, / Мончоктой болуп бурчактап, / Алдыбызда өлүптүр, / Темир тондуу Шалкымат, / Жез киндиктүү Кикимат, / Кыргыздан чыккан жаш балдар, / Баары мыкты талыкпас, / Эртеден кечке чабышта, / Өжөр экен чалыкпас, / Катышып калса кыргыз… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →