томураңда

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Болтойгон көрүнүштө, бойтоңдогон тез кыймыл-аракетте болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…өшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, / Коргошун, коло аралаш, / Орнотуп койгон чойун баш, / Томураңдап пил келет, / Дүк-дүк желип далбаңдап, / Тумшугу анын булаңдап, / Пилди көрүп эр Сыргак: / “Адам эмес айбандан, / Качып берсем уйат” — деп, / Эшик эндүү ай балт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…дыңдоокко, / Басып өттү Чанакты, / Балтаны тартып алганда, / Жыгылды жерге дүп этип, / Салмагынан Чанактын, / Жер козголду сүлк этип / Минген керки маш экен, / Томураңдап келгени, / Сейитини сүзгөнү, / Сүздүрбөстөн Сейити, / Сала берди олотун, / Мүйүзү тийип керкинин, / Тоодой дөбө түздөлдү, / Дөбөдөн өтүп кеткени, / Керк Сейитк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Томураңдап минген керк, / Эң эле жаман жүгүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →