томурай

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Томпойгон, дөмпөйгөн кебетеде, дөңкөйгөн токол көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калдалаңдын калканы, / Калка болор жери жок, / Чыгып кетти далдалы, / Калдалаңда ал кезде, / Чакташаар айла калбады, / Өлөмүн деп өбөктөп, / Ээрге койуп балтасын / Өзүн-өзү жөлөктөп, / Томурайып калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Турумбекке он беш тор, / Оролуптур бойуна, / Эрдик менен Турумбек, / Албарсты алып колуна, / Тор кармаган он бешти, / Тобу менен кулатып, / Томурайтып сулатып, / Оң-тескери тоңкойтуп, / Ойронун элдин чыгарып, / Каны качып ачуудан, / Керсары тартып кубарып, / Кездеп кирди эрлерди, / Башын тартып калбастан, / Д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бүчүлүктөр калбады, / Талаа-талаа жыртылып, / Сооттун чыкты дал-далы, / Башкача укмуш турбайбы, / Адамзаттын балбаны, / Өз башына турмайлык, / Башкага тийди зардабы, / Томорулуп нечен чий, / Томурайып калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Томурайып жыгылды, / Топого башы тыгылды, / Бир сайгандан чыгарбай, / Тоодой Тете баатырдын, / Жанын алды Сейити, / Бир чапкандан чыгарбай, / Пилди алды Сейити, / Каарына чыдап Куткарбас, / Карап буга туралбай, / Чычкансурду чүчүлөп, / Бүркүттөн качкан койондой, / Аркасын карап кылчаңдап, / Качып барат бүжүңдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Бирок мүчө курулушу андай эмес, эткээл, мойну кыска томурайган чымыр жигит. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →