томур
- Чоң кесек түрүндө же түбү менен томкоруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бел болуптур Бекбача, / Абалаган таз кара, / Ашып учуп кеткисиз, / Томуруп адам жыга албас, / Тоо болуптур Бекбача, / Кайберен басып өткүсүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алп Жамгырчы аттанды, / Аламын деп томуруп, / Жибербей Бакай койгону, / Жамгырчыга жол койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сыргакка найза жеткени, / Зымыраган бул бетпак, / Томурулуп кетпеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Томуруп ары май берди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ «Дагы күчүм көрсүн — деп, / Жүрөгү чыгып өлсүн» — деп, / Жанаша турган боз дөбө, / Колундагы чойун баш, / Чаап тартып алганда, / Томурулуп тоодой таш, / Асманды көздөй зыркырап, / Учуп чыкты кара таш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →