томуктай
- Кичинекей.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Токсон миң аскер, Тобуке, / Томуктай бала бир жеген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айтумуш эли таңданды, / Тоодой болгон дөбөткө, / Томуктай бала чыкты, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жылтырканы, шыбагы, / Жылжып аккан булагы, / Томуктай болгон тоосу жок, / Толкуган дайра суусу жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тоодой болгон Толтойду, / Тоо экен — деп жазганбай, / Томуктай кызыл жаш бала, / Токтобостон качырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ачык жерге чыкканда, / Карышкыр келет кабышып, / Тобу менен жарышып, / Тобурчак, сени жеп кетет, / Томуктай койбой талашып, / Душманды кантип жеңе алат, / Эр Сомбилек жөө басып?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →