томук2
- Үшүгөнүнөн көгөрүп шишип, сенейип калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…уулган Бекбача, / Капталга чаап какшатып, / Кабыргасын кыйратып, / Далыга чаап балталап, / Кыр аркасын талкалап, / Кашка жилик жотого, / Канчаны чапты ошого, / Томукка чаап токмоктоп, / Жарылып кетти томугу, / Түз тура албай Татылда, / Амалы жаман куурулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…саптаган, / Пил терисин каптаган, / Арта салып ийинге, / Ээрдин кесе тиштенип, / Эр Семетей киргенде, / Колтуктан өөдө кол жетпей, / Каптал кайсы, бел кайсы, / Томук кайсы, кол кайсы, / Токмоктоп ура бергенде, / Кызыл алп жаны кыйналып, / Кысталып турган кездерде, / Акым, Шакым эки дөө, / Жайнап аскер кол келди, / Сапка кел…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыпчакбайдын Абдылда, / Чубак менен тең эле, / Тогузга чыккан эме эле, / Токтоо кылып турбады, / Томукка атты урганы, / Абдылда келип беттешти, / Талапты жаман каардады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ойуна чоро муну алып, / Толгомо саптуу камчыны, / Толгой кармап имерип, / Тоодой болгон Буурулду, / Томукка тартып жиберип, / Тийген жери кан болуп, / Чыргалай түшүп бүгүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Тизеге чокмор чабылды, / Томугу канча жарылды, / Элебей буттун сынганын, / “Эми сайып бурутту, / Жылмалап муну тынайын” / Ээрдин кесе тиштенип, / От жанып көздөн күчөнүп, / Заарын салып кезен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →