томсор

китептерде 58 жолу, 9 китепте
  1. Үн катпай сумсайган абалда болуу, түнөрүңкү, муңайган же мисирейген көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ысыккөл менен Атбашы, / Алматы калса кыргызда, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Томсортот элек кыргызды, / Тордун баарын жырылтып, / Каракөз салды бузукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Болгунча айтып бай Жакып, / Бакдөөлөт менен Магдымы, / Унчукпай туруп алганы, / Үйүндө жүрүп чоңойуп, / Койнунда жатып жастыкта, / Өзү менен тең болуп, / Эркин өскөн Бакдөөлөт, / Оолуга кетти томсоруп: / — Койчу, Жакып, кебиңди, / Бул кебиңди ит уксун, / Ит укпаса ким уксун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өчүгүшүп урушуп, / Ач бөрүдөй жулушуп, / Бузулат элден ынтымак, / Кепке келип Куткарбас, / Катын-кызды таштасаң, / Куру кетпей томсоруп, / Ала кетсин башкасын”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ээси жок калып чоң Талас, / Томсоруп топо турарбы?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →