томпоңдо
- Томпойгон көрүнүштө, эби-сыны жок кыймыл-аракетте болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жоого салып үйрөткөн, / Жаш чагынан бул пилди, / Көрсөтүп туруп Асылды, / Агытып аны жиберди, / Жону туйку томпоңдоп, / Куйругу чолок чолтоңдоп, / Табактай бар таманы, / Жерге батпай тойтоңдоп, / Тумшугунда темирдин, / Найзадай күүлөп койкоңдоп, / Качырып пилдин жеткени, / Ма…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Корс-корс этип кортоңдоп, / Мингени пил томпоңдоп, / Кара бойу бир дөбө, / Колунда найза койкоңдоп, / Тегеректеп кыргызды, / Кармайбыз деп ойлонот.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…лар келет тарбаңдап, / Таноолору барбаңдап, / Алтымыш айры мүйүзү, / Ала бакан каркаңдап; / Эликтер келет молтоңдоп, / Төөкийик келет колтоңдоп, / Пилдер келет томпоңдоп, / Куйруктары чолтоңдоп; / Жолборс келет суналып, / Илбирс келет чубалып, / Шери келет чакчаңдап, / Айуулар келет саксаңдап, / Карышкыр келет култуңдап, / Түлк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Асман жарган чуу чыкты, / Жер жайнаган туу чыкты, / Бирден желек көтөрүп, / Жүз балбаны тең чыкты, / Жүгөрүдөй быжырап, / Жүз отуз миң кол чыкты, / Томпоңдотуп пил минип, / Бешкулак деген зор чыкты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Томпоңдогон кызыл пил, / Толгонуп кайра болгончо, / Эшик эндүү айбалта, / Кармай алды сабынан, / Пилди көргөн адамдын, / Жүрөгү чыгат кабынан, / Ооз омуртка тушу, деп, / Болжолдуу жери ушул, деп, / Сырты менен балтанын, / Чаап өттү кабылан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →