томор1
- Тамырынан ачык сары түстүү боёк алынуучу өсүмдүк жана ушул өсүмдүктөн алынган боёк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чалдар сырын айтышып, / Жүрүп кетти Козубек: / — Токсондо жашым бар болсом, / Тоодой болгон Калдыкты, / Томоро сайам мен болсом.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Өтүп кеткен күндөрдөн, / Топчу кулак атыңдан, / Томоруп сайып алгамын, / Ырас чындап келгенде, / Сенден канча балбанмын, / Ошол күчүм дагы бар, / Эми сайып аламын, / Саймак түгүл, Бактыбай, / Өзөктөн каның жайамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кекенип кетсе күркүрөп, / Булгап найза колго алып, / Катуу тийди бадырек; / Карап Көкүл турбады, / Тоодой болгон Кесенин, / Кагып ийип найзасын, / Кый сүбөөгө муштады, / Колу күчтүү артык эр, / Жыйырма беште кеменгер, / Томоро сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сооруга найза мылк этип, / Тоо томорчуу куткарбас, / Томолонду шылк этип, / Чыпалактай кара кан, / Жерге түштү шыр этип, / Телкүрөң оозун тарткыча, / Шайтанын койбой каккыча, / Кумсар сыйкыр, шум кан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Атынын жалын кучактап, / Чарайнасы жарылып, / Быт-чыт болду нечен кат / Бул бадырек Мадыкан, / Гүлүстү урган найзада, / Улуу Инген тоосун бир сайса, / Томоруп түптөп таштамак!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →