томого
- Алгыр куштардын башына каптап кийгизилүүчү кайыштан жасалган баш кап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түрдөп кылган томого, / Жулуп баштан алды эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Шумдуктун кара тулпарын, / Ажалдын кара бүркүтүн, / Томогосуз көтөрүп, / Тоо омкоруп жүргөндөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бала бүркүттү томогосун дагы башынан шыпырып алып, бүркүттү салбай томогосун кайра кийгизип коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Бала томогону алып бүркүттү шилтейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Эки жолу бүркүттүн томогосун алдың, бирок салбадың, үчүнчү жолу гана салдың, мунун себеби кандай?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →