томкор

китептерде 22 жолу, 7 китепте
  1. Түбү менен же чоң кесек бойдон омкоруу, томуруу, оодаруу, төңкөрүү, каңтаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ат айлана бергенде, / Аркасына кыйамы, / Арстан эрге келгенде, / Кармады Чигитей найзаны, / Ушул урган найзада, / Тоодой болгон чочкону, / Томкоро сайып салганы, / Кобо калып ордунан, / Коркконуна чыдабай, / Чигитейге жалбарды: / — Чигитей кыргыз, мен ооган, / Ырас чынын айтканда, / Кубатай менен урушуп, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чапкан балта кескени, / Бир жагында каалгасы, / Томкорулуп кеткени, / Тостуруп койгон кишилер, / Токтоо кылбай жеткени, / Тобун бузбай Кененим, / Тоздуруп тонун өткөнү, / Мен-мендеп киши келе албай, / Көрүп турган Дабы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тоңкойуп чынар урады, / Томкорулуп кулады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Хан Сыргактын сыр найза, / Тоо томкорот тик сайса, / Оң колтуктун көбүк эт, / Дал өпкөнүн тушу, деп, / Кан жөткүрүп күрсүлдөп, / Чирип өлсүн Чанак, деп, / Манастап Сейит бакырды, / Телкүрөң кулак жапырды, / Сырнайзаны өпкөгө, / Төш жаргыча батырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…дөн күчөнүп, / Заарын салып кезенип, / Күүлөп найза безенип, / (Бул белгиси келгенде, / Бекер өлүм табылчу, / Жалгыз менмин дегенге) / Найзанын учу жетээрде, / Томкоро сайып кетерде, / Алдыртадан Сомбилек, / Чокмор менен какты эле, / Капташа түшкөн мезгилде, / Сак тизеге чапты эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →