томаяк
- Эчтемеси жок кедей, жарды.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Элебес — эзелтен томаяк адам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Деги, томаяктын баласына мал ошондой келет тура,— дегендей болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ырамат, налогдон көз ачырбай отуруп, бизди түгөл итке минген томаяк кылды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Шаарда чанда бир эчтемеси жок томаяктар бирди-жарым кемпир-чалдар болбосо көп жан калып жарыткан жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ал убакта байлар, соодагерлер калааны кан сасытып, бирөөнүн тегин эмгегинен чардап жатканда биз өңдөгөн томаяктар жалгыз эчкини аркандап коюп, көк кылаңгыр сүт ичип отурчубуз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →