толукшу

китептерде 1 жолу
  1. Толук күчүнө, өңүнө кирген, толгон, тамылжыган абалда болуу.
  2. Ыргалып, теңселгендей, менменсине мемиреп термелгендей абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара калпак кыргагы, / Хан Жакыптын Сыргагы, / Телкызылды теминип, / Дегеле кыйын демигип, / Толукшуган кубаты, / Тулку бойго тебилип, / Жебеден ылдам жеткени, / Жолойдун жүргөн артынан, / Менменсиген балбандан, / Алтоону сайып өткөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →