толукта

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Кандайдыр бир кемтикти, бир нерсенин жетишсиз жактарын толтуруу, толук абалга келтирүү, толук болушуна жетишүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Толуктап кел камынып, / Сен кептенип Таңгыттар, / Мен жүрбөймүн зарылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Масилет кылып Шоорукка, / Акылым бердим толуктап: / Кычыртып келип темирди, / Эптеп анын жолун таап, / Жетисууга баш болуп, / Анан сурап жаткын, деп, / Аскер жыйнап кошо жүр, / Мени менен баскын, деп, / Мен барганда Чигитей, / Кетип калат шашты, деп, / Айткан киши мен элем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ошол үчүн алардын, / Эрмеги калды дастанда, / Акындын тили не кыска, / Толуктап муну айтканга! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жоо жарагым толуктап, / Болжогон күнү келейин, / Эдебин колго берейин, / Бүгүнкү уккан кеп үчүн, / Өлүп кетсем Сейиттен, / Армандуу өлдүм дебейин, / Сулууну кармап бергенче, / Карм… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аркага колун шилтеди, / Алып келген жүктөтүп, / Алтымыш балбан манжудан, / Жоо жарагын, кийимин, / Толуктап алып келгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →