толук

китептерде 165 жолу, 10 китепте
  1. Эткээл, семиз, толмоч.
  2. Жетиштүү, кем эмес, кемчил же чала эмес, бөксө же аз эмес, толуп турган, жетилген.
  3. Бүт, бүт бойдон, бүтүндөй.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манас деген үндү угуп, / Бактыбай жеткен экен, деп, / Калдык калды шашылып, / Өбөктөгөн атына, / Оңдонуп минди ашыгып, / Койуп өттү аңгыча, / Козубек кары качырып, / Кары да болсо Козубек, / Кайраты толук ушул кез, / Кыйрынан сайган Козубек, / Карасурдан кырданып, / Жер тайанды хан Калдык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мадыбекте акыл аз, / Өзү толук Чигитей, / Баатырлыкка болуп мас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Баражатып Саламат, / Баспай турду токтолуп: / — Ачакан кетип калганбы?, / Испанына барганбы, / Эп келсе, баатыр сөзүбүз, / Барып калса келер жыл, / Олжосун толук алалы, / Шаарына барып алганда, / Жекелешкен Ачакан, / Аттан түшүп калганда, / Кол куушуруп калган эл, / Жан соогалап турганда, / Пейлиңиз сиздин кең эле, / Бе… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ «А, баракелде, Канчоро, / Кайраты толук,эр чоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →