толу
- Толук, толтура, толо абалдагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ашкага басып баралбай, / Бабырап кебин салалбай, / Жедигер жетип баралбай, / Жеткирип кебин сала албай, / Тамтаңдап жүрүп эки жыл, / Аты ыргай болгондо, / Бити толуп семирип, / Чоңдугу торгой болгондо, / Алтайга барды уйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ар бир акыл ойлонуп, / Ар нерсе ичке жык толуп, / Арылбаган муң бул деп, / Айласы кетип Дабытай, / Баш айланып тел болуп, / Эшитер кулак кер болуп, / Эт жүрөгү чер болуп, / Качамын деп качалбай, / Чыгамын д…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алмамбет мында келгели, / Ашкере он жыл болуптур, / Көкчөгө жагып кызматы, / Көңүлү абдан толуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейитек келет караса, / Койкүрөң менен койгулап, / Айчүрөк келет кубулуп, / Күн чагылып канаты, / Асмандын бети нур толуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шернени баштап койушуп, / Кыз, келинди чогултуп, / Комузчу, ырчы кубулжуп, / Кызыкка булар толушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →