толтура

китептерде 30 жолу, 9 китепте
  1. Ичи толгон, жык-жыйма, бөксө же аз эмес, толук, көп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргыздын малын жый десе, / Алгандар келет жетелеп, / Төлүн кошуп бер десе, / Толтурат санын тотолоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаманчылык күн болсо, / Түбү бирге кошулат, / Түбү тууган болгон соң, / Көзүн жашка толтурат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Карап калып кайран шер: / “Кайрылбай кете берсемби, / Саламат менен Ачакан, / Таппай кайтып келгенде, / Кантер экен Дабытай, / Андан кийин көрсөмбү, / Суу толкутуп чайкалтып, / Толтура куйуп чайпалтып, / Келген күнүн көрсөмбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Агам деп сизди каралап, / Мен бекер келген экенмин, / Толтурат деп көөнүмдү, / Көчө келген экенмин, / Толмок тургай көңүлүм, / Өчкөлү келген экенмин, / Баш көтөртпөй жаман ат, / Каран дүйнө жалгандан, / Кайгыда өтөт экенмин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жагалым көзгө атар мерген экен, күнүгө кийикке чыгып, үйүн майга толтурат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →