толтур

китептерде 88 жолу, 10 китепте
  1. Көлөмдүү нерселердин, идиштин, суу бассейндеринин ж.б. ичин толгон, шыкалган абалга жеткирүү, толук кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Ай уланды, ай кетти, / Акылы айран калгындай, / Чигитей укту бир кепти: / “Каңгайдакы Оторду, / Батай, Катай кошулду, / Дөрбөн келип кол менен, / Каңгайдын жерин толтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…кабар салбайбы, / Каңгайдан кошуун кол курап, / Күн батыштан кол сурап, / Дабытай менен Ачакан, / Аз болгондо алты илек, / Көп болгондо алтымыш, / Илекке санын толтуруп, / Таласка барат томсоруп, / Алтымыш илек кол болсо, / Анда-мында олтурган, / Көчмөн кыргыз эл болсо, / Аз болбосо мол болсо, / Андай сонун иш болсо, / Уугуңду… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мурунтан айтсаң элиңди, / Баштатан айтсаң жериңди, / Бирге барып чалгынга, / Толтурбайт белем кемиңди, - / Анда Алмамбет кеп айтат: / — Абалтан айтсаң арзыңды, / Мурунтан айтсаң дартыңды, / Алпарбайт белем чалгынга, / Мине келсең атыңды, - / Манас… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Топуракка толтуруп, / Көк менен жердин арасын, / Бурулуп чыккан чаң келет, / Селдей каптап кол келет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Куржундун эки көзүн төрт жолу толтуруп барып төктүм. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →