толтой
- Долдойгон калың көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сейтек менен Кененим, / Жедигер, сени кул кылды, / Толтой менен Кыйазды, / Катары менен сулатып, / Башыңа каран түн кылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алмамбеттин баласы, / Баш байланып ат алып, / Ханынан барып бата алып, / Толтойдун аты жоголуп, / Гүлчоронун аты деп, / Суркойон калды аталып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жалгыз жүрүп Семетей, / Ээрчиткен эки чоросу, / Он экиде кенедей, / Чынкожо менен Толтойду, / Бучкагына теңебей, / Айчүрөк тартып бир алды, / Андан кала бергенде, / Карылардын айтканы: / Атактуу Коңур алп баштап, / Нескара менен Мурадил, / Уушаң өңдү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чынкожо, Толтой, Семетей, / Талашып жүрүп Чүрөктү, / Кыпкызыл кандын акканы, / Акундун кызы Чүрөк, деп, / Ар качан салат дүмөк, деп, / Ошол кеп элдин айтканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эр Толтой үчүн өч алыш, / Барбы, Кыйаз, нээтиңде?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →